Финансы министрлигиндеги Нооруз майрамы

Финансы министрлигиндеги Нооруз майрамы

Нооруз - 2025

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу максатында Финансы министрлигинде Нооруз майрамына карата улуттук каада-салты,  үрп адатты жайылтуу боюнча майрамдык иш-чара уюштурулду. 
        Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев куттуктоо сөзү менен ачты.  Өз сөзүндө: «Нечен кылым тарыхы бар кыргыз элинин улуулугу - анын бабалардан бери аздектелип өтүп келе жаткан элдик оозеки чыгармачылыгы баш болгон руханий жана материалдык баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп алып жүргөндүгүндө. Биздин эл ошонубуз менен өзгөчөбүз. Биримдигибиз арта берсин, өлкөнүн өнүгүшү жана мамлекеттин бюджеттинин толушуна ар бир жарандын ак эмгеги талап кылынат. Андыктан, өлкөбүздү алдыңкы мамлекеттердин катарына кошууга болгон аракетибизди уланта берелик.  Нооруз майрамы жергебизге тынчтыкты, өсүп өнүгүүнү жана  үй-бүлөбүзгө чексиз бакыт алып келсин» - деп билдирди. 
       Иш-чарада  Борбордук Аппараттын кызматкерлери кыргыз элине тийиштүү болгон байыркы салт, жөрөлгөлөрдү сахналаштырып көрсөтүштү. Өзгөчө таланттуу кызматкерлерге атайын номинациялар ыйгарылды. Майрамдык салтанатка  маданият кызматкерлери дагы катышып, жогорку баасын беришти. 
      Андан тышкары, Министрликте салтка ылайык, Нооруз майрамына арналган сүмөлөк жасалды.

Тиркелген файлдар

jpg
2.jpg

0.25 MB

JPG
3.JPG

4.79 MB

jpg
IMG_4947.jpg

0.22 MB

JPG
JPG
IMG_4956.JPG

4.17 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3186

Окшош жаңылыктар