КР Финансы министрлигинин 2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө долбоорунун сунушу

КР Финансы министрлигинин 2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө долбоорунун сунушу

Белгилүү болгондой, 1-апрелден баштап социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган (маалымат катары: орточо 50-100% жогорулады). 1-августтан баштап бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери (мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик кызматчыларга кирбеген кызматкерлердин) (маалымат катары: орто 50-100% жогорулады).

Үстүбүздөгү жылдын эмгек акысын жогорулатууга кошумча керектөөсү 30 млрд. сомдон ашыкты түзөт.

Ошондой эле 1-июндан баштап айрым социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылды, ал эми 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулады.

Бул чыгымдар республикалык бюджеттен болжол менен 39 млрд. сомду талап кылат.

2022-жылдын бекитилген республикалык бюджетте атайын эсептерде каражаттарды эсепке албастан эмгек акы төлөө фондуна 61,4 млрд.сом каралган болсо, анда 2023-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда 111,9 млрд. сом каралган. Өсүш 50,5 млрд. сомду түзөт.

Социалдык фондго трансферттер 2023-жылы 41,3 млрд. сом пландалууда (2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 14,7 млрд.сомго өсөт). ММК фондуна трансферттер 21,9 млрд. сом (2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 6,3 млрд. сомго өсөт).

Ошондой эле социалдык жөлөкпулдарга чыгымдарга 17,5 млрд. сом пландалууда  (2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 3,7 млрд.сомго өсүшү менен) (2022-жылы – 13,8 млрд. сом).

Жалпысынан социалдык секторго 162,8 млрд. сом пландалууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3297