Menu
Тренддер
ЖЕКЕ ИШКЕР: АЯЛ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО БАГЫТЫНДА ИШТЕР УЛАНАТ ДЕП ҮМҮТТӨНӨМ
Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган “Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоорунун биринчи фазасын жыйынтыктоо алдында, КР Финансы министринин орун басары Р. Татиков, министрликтин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Б.Мусакожоева менен каржылык көмөктүн көргөзүлүшү, анын максаттуу колдонулушу жана кайтарым байланышын бекемдөө максатында Чүй облусунун ишкерлери менен жеринен жолугушту.
“Мен “Женский форум “Курак” коомдук бирикмесинин (“Курак” аялдар форуму” КБ) ишкерлери менен болгон баарлашууда мамлекеттен иш жүзүндө пайызсыз насыя алууга болоорун тастыктап беришти.
SUNSHINE бала бакчасынын негиздөөчүсү Маргарита Байтикова - “Тийиштүү документтер менен банкка кайрылып, дароо эле бала бакчаны колдоо үчүн 3 млн сом насыя алдым. COVID-19дан кийин каражаттын баары педагогдордун маянасына кеткен эле. Мамлекет бөлүп берген каржылык оор абалдан сүйрөп чыкты. Аял ишкерлерди колдоо багытында иштер уланат деп үмүттөнөм”, — деди.
КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков долбоордун максаты чакан, кичи бизнести жана товар жүгүртүүсү аз ишкерлерди колдоого багытталганын белгиледи. Жардам алгандардын 80 пайыздан көбү чакан ишкерлер, башкача айтканда жылдык айлантуусу 8 млн сомго жетпеген жеке жарандар. Эскерте кетсек пайызсыз насыялар 2022-жылдын февралынан баштап берилүүдө.
2023-жылдын май айына карата маалыматка ылайык, 6151 ишкерге жалпы көөлөмү 3,4 млрд сомдон ашуун каржылык жардам көрсөтүлгөн.
5 сүрөттөр
25.27MB