"Кошумча нарк чынжырларын Агрофинансылоо" долбоору

"Кошумча нарк чынжырларын Агрофинансылоо" долбоору

2024-жылдын 13-февралында КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков "кошумча нарк чынжырларын Агрофинансылоо" долбоорунун эксперттери менен оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун жетекчилиги жана адистери менен биргеликте жумушчу жолугушуу өткөрдү.

КР Финансы министринин орун басары Департаменттин лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты жана лабораториянын имараттарын реабилитациялык иштерди жүргүзүү, жабдуу,

 "know how" берүүлөрүн берүү жана колдоо сыяктуу лабораторияларга көмөк көрсөтүү приоритеттери тууралуу маселелерди талкуулоого катышты.

Жолугушууда тамак-аш азыктарынын сапатынын жана коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча аккредитациялоо тармагын кеңейтүү боюнча коюлган максаттарга өз убагында жетишүү үчүн лабораториялык сыноолор борборунун жетекчилигинин долбоор жана КР Финансы министрлиги менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо маселелери талкууланды.

Европа Бирлиги, Европа инвестициялык банкы жана Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан биргелешип каржыланган "кошумча нарк чынжырларын Агрофинансылоо" долбоору айыл чарба тамак-аш продукциясын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө техникалык көмөк көрсөтүү менен бирге, тамак-аш азыктарынын көрсөткүчтөрү боюнча аккредитациялоо тармагын кеңейтүү боюнча мамлекеттик лабораторияларга көмөк көрсөтөт. Долбоорго лабораторияларга көмөктөшүү персоналды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, аккредитациялоо жаатын кеңейтүү боюнча камсыз кылуучу зарыл жабдууларды жана реабилитациялык иштерди берүү аркылуу " KfW " өткөрүп берүүнү камтыйт. Жабдууларды, реабилитациялык иштерди каржылоо булагы жана "know how" берүүлөрү Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун грантынын - Европа Союзунун Кыргызстан үчүн фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

 Долбоорду ишке киргизүү боюнча ыйгарым укуктуу министрлик болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1311

Окшош жаңылыктар