"Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору

"Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору

Р.Татиков белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдуулары жана ыңгайлуу шарттары бар жаңы балдар ооруканасы курулат.

       КРнын Финансы министринин орун басары Р.Татиков саламаттыкты сактоо министринин орун басары А.Шамбетова менен биргеликте "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган Бишкек шаарындагы балдар клиникалык ооруканасына барды.

Мониторингдин жүрүшүндө долбоордун курулуш этабы каралып, долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланды.

Р.Татиков белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдуулары жана ыңгайлуу шарттары бар жаңы балдар ооруканасы курулат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
581

Окшош жаңылыктар