Menu
Тренддер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ ДОЛБООРУ
Тапшырманын аталышы: Көмүрдү таза жылытуу системаларына алмаштыруу боюнча өлкөнүн туруктуу жылытуу стратегиясын жана жылытуу жаатындагы экологиялык таза технологияларды колдоо, өнүктүрүү жана жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча консультант
Шилтеме № (Сатып алуулар планына ылайык): AQIP-IC-2.2/1
Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жумшоого ниеттенүүдө.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Долбоордун “Жылытуу үчүн бир кыйла таза чечимдерди ишке киргизүүнү колдоо” аталышындагы 2-компонентин ишке ашырат.
Министрлик көмүрдү таза жылытуу системаларына алмаштыруу боюнча өлкөнүн туруктуу жылытуу стратегиясын жана жылытуу жаатындагы экологиялык таза технологияларды колдоо, өнүктүрүү жана жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну камтыган консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө (“Кызмат көрсөтүүлөр”) каражаттын бир бөлүгүн жумшоого ниеттенүүдө.
Консультант Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жылытуу секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоочу саясий, институттук жана ченемдик-укуктук чараларды иштеп чыгууга, көмүрдү таза жылытуу системаларына алмаштырууга, ошондой эле ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору, анын ичинде аба-суу жана суу-суу, электр казандары жана сууну күн менен жылытуу сыяктуу экологиялык таза жылытуу жабдууларынын сапатын камсыздоо системаларын эл аралык практиканы эске алуу менен ишке киргизүүгө жардам берүү үчүн жалданат. Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.
Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
- Энергетика жана/же юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билим;
- Энергетика чөйрөсүндө стратегияларды жана ЧУАларды иштеп чыгуу жаатында беш (5) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлор боюнча эки (2) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Жылытуу технологиялары, анын ичинде экологиялык аспектилер жана энергиянын натыйжалуулугу жаатындагы терең билим;
- Татаал маалыматтарды талдоо жана ушул талдоонун негизинде конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди (жазуу жана оозеки) билүү милдеттүү, англис тилин (жазуу жана оозеки) билүү – артыкчылыктуу болот;
- Компьютердик сабаттуулук: Word, Excel, Power Point сыяктуу Windows чөйрөсүндөгү программаларды билүү.
Кызыкдар Консультанттардын көңүлү Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы Инвестициялык долбоорлорду - товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоонун карыз алуучулар үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына бурулат.
Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.
Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөнкү дарек боюнча берилет.
Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 28-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
Дарек: КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бул. 58А, 302-кабинет.
Тел: +996 312 666001
E-mail: office@piu.k