«МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ: АЧЫК ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ СИСТЕМАГА КАРАЙ КАДАМ

«МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ: АЧЫК ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ СИСТЕМАГА КАРАЙ КАДАМ

КРФМ

 

            “Татаалдан - жөнөкөй чечимдерге» деген ураандын алдында өтүп жаткан Мамлекеттик сатып алуулар боюнча VII эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар коомчулукка сунушталды.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, Мыйзамдын долбоору сатып алуулар тармагындагы мыйзамдарды модернизациялоого жана аларды натыйжалуураак, ачык жана инклюзивдүү кылууга багытталган. Атап айтканда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкүдөй чараларды камтыйт: мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сатып алууларга кеңири катышуусун камсыз кылуу, мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү жана консультативдик кызмат көрсөтүүлөрдө колдонулган айрым сатып алуу методдорун алып салуу.

Бул өзгөртүүлөр кеңири аналитикалык жана консультациялык процесстин жыйынтыгында, мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана кызыкдар тараптардын катышуусунда иштелип чыкты. Демилгенин негизги максаты - сатып алуулардагы жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

            Коомдук талкуудан кийин Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна расмий түрдө жөнөтүлдү. Мыйзамдагы сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин, мамлекеттик сатып алуулар системасы заманбап, жеткиликтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш болгон аянтчага айланышы күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
697

Окшош жаңылыктар