“Микро, кичи жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоору боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны болуп өттү.

“Микро, кичи жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоору боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны болуп өттү.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун төрагалыгы алдында Байкоочу кеңештин жыйыны өттү.

Отурумдун жүрүшүндө 1-компонент боюнча Кайтарылып берилүүчү финансылык жардам, 2-компонент боюнча Портфелдин тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми боюнча аткарылган иштер боюнча отчеттор берилип, долбоордун индикаторлоруна өзгөртүүлөр да каралды. Ишке ашыруу, камтуу, ошондой эле мындан аркы кадамдар жана макулдашылган аракеттерге байланыштуу маселелер талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишти жогору баалап, ошондой эле, пайызсыз кредиттерге суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу долбоорду белгиленген мөөнөттө тездетип бүтүрүү мүмкүндүгүн белгиледи. Эске сала кетсек, долбоор 2027-жылга чейин бүтүшү керек болчу.

Байкоочу кеңеш мүчөлөрү долбоорду мындан ары да колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
1030