Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигинин жылды жыйынтыктоочу коллегиясы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жылды жыйынтыктоочу коллегиясы өткөрүлдү

Финансы министрлигинин жылды жыйынтыктоочу коллегиясы болуп өттү. Күн тартибинде 2024-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткарылышы боюнча жана 2025-жылдын бюджетинин бекитилиши, министрликтин алдыга койгон пландары жана ишке ашыра турган финансылык реформалары тууралуу, аны менен катар жарандык жана кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткаруу жана сактоо боюнча маселелер каралды.

 

        Министр А.К.Бакетаев өз сөзүндө акыркы жылдары өлкөнүн натыйжалуу финансылык саясаты атамекендик экономиканы кайра түзүүдө негизги ролду ойногонун баса белгиледи. Ошону менен катар “Бюджеттин туруктуу профицити, экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы, социалдык чөйрөдөгү инфраструктуранын тездик менен өнүгүшү жана тармактардагы масштабдуу реформалар эл аралык инвесторлордун көңүлүн буруу үчүн маанилүү стимул болуу менен мамлекеттин дүйнөлүк рейтингдеги позициясын жакшыртып келе жатат”-деп билдирди.

       Министрдин орун басары – Борбордук казыналыктын директору  У.М.Аманбаев  2024-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жана 2025-жылга карата Финансы министрлигинин милдеттери тууралуу  баяндамасында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик чыгашаларга жана кирешелерге басым жасады.

 Баяндамада: “2024-жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин жыйынды кирешелери 464 005,5 млн.сом суммасын түзсө, жыйынды чыгымдар 427 148,3 млн.сом суммасында түзүлүп, отчеттук жыл 36 857,2 млн.сом суммасында профицит менен аткарылды. 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери 101,6%га аткарылып,  кирешелер боюнча өсүү темпи 2023-жылга карата 118,3%ды түздү.

 Ал эми 2024-жыл үчүн республикалык бюджеттин кирешелери 416 855,8 млн.сомду түзүп, 410 588,3 млн.сом өлчөмүндөгү пландык тапшырма 101,5%га аткарылды.

Республикалык бюджеттин чыгымдары иш жүзүндө 383 342,0 млн.сомду түзүп, 404 149,4 млн.сом өлчөмүндөгү пландык тапшырма 95,0%га аткарылды, жыйынтыгында республикалык бюджет 33 513,8 млн.сом суммасында профицит менен аткарылды. 

      Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 315 705,8 млн.сомду түзүп, пландык тапшырма 5 073,8 млн.сомго ашыгы менен, же 101,6%га аткарылды.

Салык кызматынын салыктык кирешелери 192 620,1 млн.сомду түзүп, пландык тапшырма 2 988,0 млн.сомго ашыгы менен, же 101,6%га аткарылды.

Бажы кызматынын төлөмдөрү 123 085,7 млн.сомду түзүп, пландык тапшырма 2 085,8 млн.сомго ашыгы менен, же 101,7%га аткарылды.

Салыктык эмес кирешелер 87 051,9 млн.сомду түзүп, пландык тапшырма 2 214,3 млн.сомго ашыгы менен, же 102,6%га аткарылды.

Расмий трансферттер боюнча 14 094,9 млн.сомду түзүп, пландык тапшырма 93,2%га аткарылган.

Финансылык эмес активдерди сатуудан түшүүлөр 3,2 млн.сомду түздү”- деп маалымдады.    

Андан тышкары тармактар (энергетика, социалдык чөйрө, ипотекалык курулуш компаниясына, айыл чарбасына ж.б) жана аймактарга бөлүнгөн каражаттарга токтолду.

У.М.Аманбаев: “Финансы министрлигинин жакын мөөнөткө коюлган максаттарынын бири бул -"Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" системасында Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу 2024-жылдын 1-январынан тартып  мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери аталган системада бухгалтердик эсепти жүргүзүүcү ишке киришти. Өз кезегинде иштин ачыктыгы, тактыгы жана уюштуруудагы ыкчамдыкты камсыз кыла турган система катары мындан ары иштин ээфективдүүлүгүн арттырууда жакшы натыйжа берет. Ошону менен катар "Электрондук аудит" модулу процесстерге күн сайын мониторинг жүргүзүүгө жана укукка каршы аракеттер аныкталган учурда онлайн – аудит жүргүзүүгө мүмкүндүгү түзүлөт.

Ал эми акча ликвиддүүлүгүн натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан валюталык своп-операциялар өткөрүлгөн.

Валюталык своп-операциялардын катышуучулары менен кол коюлган келишимдердин жалпы суммасы өткөн жылдын жыйынтыгы менен 34,0 млн. АКШ долларын, улуттук валютада 3033,53 млн сомду түздү.

     Жогорудагы жакшы саамалыктар менен бирге мамлекеттик финансыны эффективдүү башкаруу, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана мамлекеттик баалуу кагаздардын жаңы инструментин түзүү максатында “Санариптик казыналык милдеттенмелер” инструменти ишке ашырылган.

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн 1,0 млрд.сом өлчөмүндө кошумча каражаттар бөлүнүп, 2024-жыл ичинде 1,0 млрд.сом өлчөмүндө санариптик казыналык милдеттенмелер чыгарылып, тындырылды. 2025-жылга “Санариптик казыналык милдеттенмелер” багытына 20,0 млрд.сом пландалууда.

Кыргыз Республикасынын еврооблигацияларын эл аралык капитал рыногунда чыгаруу боюнча Финансы министрлиги эл аралык капитал рыногунда 1,7 млрд АКШ долларына чейинки еврооблигацияларды чыгарууну пландаштырууда, жүгүртүү мөөнөтү 10 жылга чейин жана ар кандай валюталарда (АКШ доллары, евро, Кытай юаны, БАЭнин дирхамы, Гонконг доллары жана улуттук валюта).

Бул чыгарылыш энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат”-деп билдирди.

        Министрдин орун басары У.И.Календеров Министрликте жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткаруу жана сактоо боюнча жургүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасап, анда мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилиги, милдеттери жана укуктары, ички дисциплинардык тартип чаралар жөнүндө маалымат берди. 

        Коллегиялык жыйындын жыйынтыгында өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана күчөтүү, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелер боюнча суроо жооптор, талкууларга орун берилип, ишке ашыруу пландары кабыл алынды. Бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу, социалдык секторду жакшыртуу жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди. Бул чаралар позитивдүү динамиканы улантууга жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1936

Окшош жаңылыктар