Menu
Тренддер
ЕАЭБ МЕНЕН КЕЛИШИМ БОЮНЧА БААЛУУ МЕТАЛДАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН АТКАРЫЛГАН ИШТЕРИ
КР Финансы министрлигинин Баалуу металлдар департаменти баалуу металлдар менен операциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө ЕАЭБ менен түзүлгөн келишимдин алкагында учурда төмөнкүдөй иштерди жүргүзүүдө:
- баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн администрациялык жоопкерчилик чараларын колдонуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүдө;
- зергер буюмдарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алып өтүүдө айырмачылык белгилерин өз ара таанууга байланышкан маселелерди кароодо;
- үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүдө жана үчүнчү өлкөлөргө баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттарды ташып чыгууда мамлекеттик контролду жүргүзүүгө байланышкан жол-жоболорду оптималдаштырууда;
- ошондой эле зергерчилик жана башка буюмдардын келип чыгышынын аныктыгын контролдоо жана жүгүртүүнүн бардык этаптарында алардын кыймылын эсепке алуу чөйрөсүндө маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча иштерди алып барууда.