Сүт секторун кайра рекредиттөө

Сүт секторун кайра рекредиттөө

Кыргыз Республикасында сүт тармагын өнүктүрүү максатында КР Финансы Министрлигинин Финансы-кредиттик фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 222- тескемесине ылайык , сүт тармагына төмөнкү шарттарда кредит берет:

1) максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;
2) кредиттин суммасы - жеке ишкерлерге 500 000 (беш жүз миң) сомдон ашык эмес;
3) фермердик чарбаларга – 100 0000 (бир миллион) сомдон ашык эмес;
4) кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;
5) кредиттин мөөнөтү - 3 жыл анын ичинде 9 ай жеңилдетилген мезгил каралган;
6) кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
7) финансылык санкциялар - жылдык 12 пайыз;
8) күрөөлүк камсыздоо;
9) кепилдик берүү менен 150 000 (жүз элүү миң) сомго чейин кредит берүү каралат;
2023 жылдын 1-апрелине карата жалпысынан 311 субьектке 120 400,00 миң сом өлчөмүндө кредиттер берилди. Ал эми облустар боюнча:

 

 

Субъекттин саны

Райондор

Кредиттин суммасы

 
 

311

Бардыгы

120 400,00

 

6

Баткен

2 400,00

 

4

г. Бишкек

1 300,00

 

86

Жалал-Абад

29 500,00

 

69

Ысык-КөЛ

25 350,00

 

25

Нарын

12 450,00

 

33

Ош

13 600,00

 

46

Талас

17 610,00

 

42

Чүй

18 190,00

 

Маалыматт алуу учун байланыш номери:
КР Финансы Министрлигинин Финансы-кредиттик фонду 0312 304883

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2257