2022-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 144,7% өстү

2022-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 144,7% өстү

2022-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,1 млрд. сомду түздү. 2021-жыл менен салыштырганда бюджеттинин жалпы кирешеси 144,7%га же 65,2 млрд. сомго көбөйдү (2021-жылдын 10 айында – 145,9 млрд. сом).

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 162,3 млрд. сом өлчөмүндө түшкөн. 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 153,4% га же 56,5 млрд. сомго көбөйдү. (2021-жылдын 10 айында – 105,8 млрд. сом).

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 103,2 млрд. сомду түздү, ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын түшүүлөрү 34,3 млрд. сомго көбөйгөн же өсүү темпи 149,7 % (2021-жылы – 68,9 млрд. сом).

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү 2022-жылдын 10 айында 59,1 млрд. сомду түздү. 2021-жылдын 10 айындагы көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 160,3 % түздү же 20,3 млрд. сом. 2021-жылга карата Кытай менен күзгү статистика 5,1 эсеге айырмаланган. 2022-жылдын 10 айында, айырма 3,6 эсени түзөт. Келечекте бул айырманы – 1,4 эсеге кыскартуу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4251