Menu
Тренддер
Р.ТАТИКОВ «ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯНЫН КӨЛӨМҮН 5 МЛН СОМГО ЧЕЙИН КӨБӨЙТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАРАЙТ»
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.Татиков 11 коммерциялык өнөктөш банктын жетекчилери менен ишкерлерге пайызсыз насыяларды тоскоолдуксуз берүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Банк жетекчилери ишкерлердин камтылышын жогорулатуу максатында жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер үчүн экинчи категориядагы каржылоонун көлөмүн 5 млн сомго чейин көтөрүүнү сунушташты.
“Эгерде бизнести өнүктүрүүгө жардам берсе анда Финансы министрлиги мындай мүмкүнчүлүктү сөзсүз карап көрөт”,- деп билдирди министрдин орун басары.
Ошондой эле жыйында ишкерлерге үстөксүз насыяларды тоскоолдуксуз берүү маселелери талкууланды.
«Ишкерлерди тез арада колдоо боюнча мамлекеттик долбоордун милдети – карыздын жүгүн көбөйтпөстөн, бизнесин өнүктүрүүгө жардам берүү. Коммерциялык банктардын кызматкерлери пайызсыз эмес, жылдык 20%дан баштап насыяларды сунуштаган учурлар көп кездешет. Бизнес пайызсыз насыя алууда коммерциялык банктардын бюрократиялык процесстеринин курмандыгы болбошу керек. Бул кредиттерди бизнеске берүү шарттарын татаалдаштырбоого чакырам», - деп белгиледи Р.Татиков.
Өз кезегинде өнөктөш банктардын жетекчилери долбоорго каражаттын жетишсиздигинен жыл башында 3 айдан ашык кечигүүлөр болгонун белгилешти. Руслан Татиков, коммерциялык банктар бул кредиттерди берүү үчүн каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн учурда Фаржы министрлиги тарабынан кайтарымдуулук кепилдиги менен өз каражаттарынын эсебинен чыгарууну сунуштады.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 11 коммерциялык банк менен биргеликте чакан жана орто бизнеске кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтүүдө.
4 сүрөттөр
0.00MB