Тренддер
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат
КРФМ
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасында эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү реформасын улантуу алкагында мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Бул чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 жана 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 Жарлыктарына ылайык ишке ашырылууда.
Эмгек акы төлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүү жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын бекемдөө максатында төмөнкү чаралар каралган:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын, ошондой эле жалданма жана жарандык персоналдын эмгек акысы 50%га чейин жогорулатылат;
- иштин татаалдыгы, сапаты, жыйынтыгы, кесиптик демилге жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк акы 50%га чейин көбөйтүлөт;
- айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 000 сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм белгиленет.
Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынат. 2026-жылы бул максатка 2 млрд 860,4 млн сом каралган, ал эми 2027-жылдан тартып жыл сайын 8 млрд 203,5 млн сом бөлүнөт.
Кабыл алынган чечимдер мамлекеттик кызматкерлердин социалдык камсыздоосун жакшыртууга, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.