ЖЫЛ БАШЫНАН «КЫРГЫЗ ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГО» МИге 1,1 МЛРД СОМ БӨЛҮНДҮ

ЖЫЛ БАШЫНАН «КЫРГЫЗ ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГО» МИге 1,1 МЛРД СОМ БӨЛҮНДҮ

2023-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1,6 млрд сом каралган. Бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» ишканаларынын жылуулук менен камсыздоодо жоготуулдын ордун толтуруу үчүн каралган. 15.06.2023 карата 1,1 млрд сом суммасында чыгашалар каржыланып, бекитилген каражаттын 70,5% түздү.

Алсак, 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасына 760 млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 347 млн сомго көп каржыланды. 
Бюджеттик мыйзамдарга ылайык которулган каражаттарды андан ары бөлүштүрүү  «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишкансына жүктөлөт. КРФМ

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2220