ЕЭБге КИРГЕН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТЫШУУСУНДА МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

ЕЭБге КИРГЕН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТЫШУУСУНДА МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

Москва шаарынын Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик сатып алуулар жаатында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деңгээлдеги жыйын өттү. Жыйынга Орусиянын, Кыргызстандын, Армениянын, Беларустун жана Казакстандын каржы министрликтеринин өкүлдөрү болду.

Кыргыз Республикасынан жыйынга КР Финансы министринин орун басары У.Календеров катышты. Министрдин орун басары сатып алуу процессин санариптештирүү маселелеринин маанилүүлүгүн жана ЕЭК Коллегиясынын өткөн жылдын августундагы буйругу менен кабыл алынган ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды толук санариптештирүү боюнча чаралардын Тизмесин ишке ашыруунун жүрүшүн белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө У.Календеров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”,
реалдуу убакыт режиминде сатып алуунун жол-жобосун караган маалыматтык системаларды (веб-портал) жана электрондук маалыматтык ресурстарды пайдалануу менен ишке ашырылган Интернетте сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн жол-жоболору тууралуу пикирин айтты. 
Жыйында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алуулардын санариптик Картасын иштеп чыгуу боюнча демилгесин жактырышты. Аны иштеп чыгуу жана Комиссиянын сайтына жайгаштыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, Картада ЕАЭБ өлкөлөрүндө түзүлгөн келишимдердин жалпы наркы, анын ичинде ар бир катышуучу өлкө боюнча реквизиттер, жеткирүүчүлөрдүн үлүшү жана Биримдиктен жана үчүнчү өлкөлөрдөн сатылып алынган товарлардын үлүшү тууралуу маалыматтар камтылат.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1742