Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министринин басма сөз жыйыны болуп, анда өлкөнүн ички карызы талкууланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министринин басма сөз жыйыны болуп, анда өлкөнүн ички карызы талкууланды

Бүгүн пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри өлкөнүн ички карызы боюнча актуалдуу маалыматтар менен бөлүштү. Аны оптималдаштыруу жана фондулук рыноктун инфраструктурасын чыңдоо боюнча учурдагы чаралар каралды.

 

Ички карыз алуунун деңгээлин жогорулатууга жана кошумча инвестицияларды тартууга багытталган баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин активдүү ишине өзгөчө көңүл бурулду. Президенттин 2022- жылдын 15- ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлиги "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКынын жана "Борбордук депозитарий" ЖАКынын акционери болуп калды, бул фондулук рыноктун ачыктыгын жогорулатууга жана ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Акыркы жылдары мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) жана мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) боюнча кирешелүүлүктүн төмөндөшү ички карыз рыногун өнүктүрүүнүн оң индикатору болуп саналат, бул инвесторлордун ишениминин өсүшү жөнүндө күбөлөндүрөт. Бул процессте мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун активдүү колдогон коммерциялык банктар, пенсиялык жана камсыздандыруу фонддору маанилүү ролду ойнойт.

Министр ошондой эле узак мөөнөттүү МБКларды өнүктүрүүдө мамлекеттик саясаттын маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул бир катар олуттуу артыкчылыктарды алып келет, анын ичинде валюталык тобокелдиктерди минималдаштыруу, финансылык системаны бекемдөө жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестициялар аркылуу жумуш орундарын түзүү. Мисал катары МКО чыгаруу аркылуу мектептердин курулушун каржылоо көрсөтүлдү.

Пресс-конференцияны аяктап жатып министр ички карызды башкаруудагы эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаны белгиледи, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ички карыздын үлүшүн көбөйтүү боюнча стратегиясын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. Бул кадам өлкөнүн финансылык көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.

Финансы министрлиги экономиканы өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ички карызды башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча ишти улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3253

Окшош жаңылыктар