Тренддер
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контракты банктык коштоосатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында сатып алуучу уюмдарга семинар өткөрүлдү
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контракты банктык коштоосатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында сатып алуучу уюмдарга өткөрүлгөн семинар тууралуу маалымат
КР Финансы министрлиги бүгүнкү күндө республика боюнча андан ары толук масштабдуу жүзөгө ашыруу үчүн «Контрактты банктык коштоо» долбоорун ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.
Бул долбоорду ишке ашыруу жана кызыкдар тараптарды окутуу алкагында берүүчүлөргө жана КР Финансы министрлигинин бардык Аймактык башкармалыктары үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракты банктык коштоону колдонуу менен сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби” темасында берүүчүлөргө кезектеги окутуу семинарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өтткөрдү.
Окутуу семинардын жүрүшүндө тренерлер мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө “Контракты банктык коштоонун” төмөнкү бөлүмдөрү боюнча презентация жасашты:
- тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылар;
- катышуучулар;
- өз ара аракеттенүү схемасы;
- этаптар жана башкалар.
Семинарга 30 ашык берүүчүлөр, КР Финансы министрлигинин Аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн 50 ашуун өкүлдөрү катышты.
Аталган онлайн семинардын соңунда катышуучулар суроо-жооп сессиясына активдүү катышты. Бул семинардын катышуучулары «Контракты банктык коштоо» продуктуну ишке ашыруудан келип чыккан суроолорго толук жоопторду алышты.
Кезектеги окутуу семинарын 2023-жылдын сентябрь айында өткөрүү пландалууда.
3 сүрөттөр
0.00MB