КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: МАМСАТЫП АЛУУЛАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ТАРМАКТАР ҮЧҮН СЕМИНАР

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: МАМСАТЫП АЛУУЛАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ТАРМАКТАР ҮЧҮН СЕМИНАР

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча КР Финансы министринин орун басары У.Календеров жетектеген топ окутуу семинарын өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2023-жылдын 4-сентябрындагы №31-31 жана 2023-жылдын 12-сентябрындагы №32-32 протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылдын 6-октябрында министрлердин орун басарлары жана мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөгөн мамлекеттик агенттиктердин орун басарлары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча таанышуу окутуу семинары өткөрүлүүдө.

Окутуу семинары төмөнкү үч темадан турган:

1. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы “Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №489 токтому;

3. Сатып алуулар борбору.

Аталган окутуу семинары Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаевдин төрагалыгы астында өткөрүлгөн. Ошондой эле, А.К.Бакетаев окутуу семинарында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелинде №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жөнүндө” №489 токтомунун (мындан ары-Тартип) бекитилгендигин айтып кетти.

Ошону менен бирге А.К.Бакетаев Мыйзамдын бул редакциясында электрондук каталог аркылуу сатып алууну кеңейтүү, Комиссиянын ишин, мөөнөттөрдү кыскартуу жана бардык иш-аракеттерди электрондук форматта киргизүү жаатында Мыйзамды жеңилдетүү боюнча көптөгөн иш-чаралар аткарылгандыгын белгиледи.

Окутуу семинардын спикерлери болуп Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары - Сабиров Ө.К. жана Сатып алуулар борборунун директору - Кудаяров С.С. иш алып барышты.

Окууту семинарлары азыркы учурда төмөнкү бекитилген графиктин алкагында өз кезеги менен өткөрүлүп жатат:

 

1) 2023-жылдын 16-октябрында - Ош облусу;

2) 2023-жылдын 17-октябрында - Жалал-Абад облусу;

3) 2023-жылдын 19-октябрында - Баткен облусу.

 

Аталан окутуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеровдун төрагалыгы астында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борборунун кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.

Ал эми калган облустарда окутуу семинары төмөнкү график боюнча бекитилип пландаштырылды:

1) Бишкек шаары - 2023-жылдын 20-октябрында;

2) Чуй облусу - 2023-жылдын 24-октябрында;

3) Талас облусу - 2023-жылдын 26-октябрында;

4) Нарын облусу - 2023-жылдын 31-октябрында ;

5) Ысык-Көл облусу - 2023-жылдын 02-ноябрында.

 

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуу семинарынын негизги максаты катышуучуларды ушул жааттагы компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү процесстери жана тартиби менен тааныштыруу болуп саналат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1180