"ДЕМ БЕРҮҮЧҮ  ГРАНТТАР" КУРСУ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТТАР

"ДЕМ БЕРҮҮЧҮ  ГРАНТТАР" КУРСУ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТТАР

Чолпон-Ата шаарында КР Финансы министрлигинин окуу борбору тарабынан “Дем берүүчү гранттар” деген темада курс өткөрүлдү.

Окууну Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар башкармалыгынын башчысы Болотбек Касымов өткөрдү. Курста студенттер дем берүүчү гранттар аркылуу Кыргызстандын айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн арыздарды даярдоо боюнча билим алышты, кошумчалай кетсек Б.Касымов арыздарды кабыл алуунун автоматташтырылган системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Окутуу аяктагандан кийин угуучуларга Финансы министрлигинин Окуу борборунун дем берүүчү гранттар тармагында квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттары тапшырылды.

Түзүлгөн

-
2539