КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.И.КАЛЕНДЕРОВ  ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК БОЮНЧА БАШКЫ ДИРЕКТОРАТЫНЫН АЗИЯ ЖАНА ТЫНЧ ОКЕАН АЙМАГЫНЫН ИШТЕРИ БОЮНЧА ДИРЕКТОРУ ПЕТЕРИС УСТУБС МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.И.КАЛЕНДЕРОВ ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК БОЮНЧА БАШКЫ ДИРЕКТОРАТЫНЫН АЗИЯ ЖАНА ТЫНЧ ОКЕАН АЙМАГЫНЫН ИШТЕРИ БОЮНЧА ДИРЕКТОРУ ПЕТЕРИС УСТУБС МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КРФМ

         

        2025-жылдын 10-октябрында Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу), Global Gateway форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И.Календеров менен Эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директоратынын Азия жана Тынч океан аймагынын иштери боюнча директору Петерис Устубс мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
          Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа комиссиясынын (Европа бирлиги) ортосунда суу секторун реформалоону ишке ашыруу боюнча жалпы суммасы 17,0 млн евро өлчөмүндө кайтарымсыз (гранттык) негизде каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
       Бул Макулдашуу суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана аларды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын суу секторунда комплекстүү реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
            Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосунда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
306

Окшош жаңылыктар