Menu
Тренддер
МЕДИНА ШААРЫНДА ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ
2025-жылдын 12-январында Сауд Арабиясынын Медина шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ИӨБ) башкаруучуларынын көчмө жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасынан делегация башчысы катары кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Ислам Өнүктүрүү Банкынын башкаруучусунун Кыргыз Республикасынан Убактылуу альтернаты – Татиков Руслан Сатылганович катышты.
Бул жыйын ИӨБнүн кийинки он жылдыкка жаңы багытын аныктоого арналды, атап айтканда, жаңы цикл төмөнкүлөрдөн турат:
- 2026-2035-жылдарга карата 10 жылдык стратегиялык алкак, анда топтун узак мөөнөттүү стратегиялык багыттары жана максаттары аныкталат;
- ИӨБ үчүн деталдуу жол картасын аныктай турган эки ырааттуу 5 жылдык корпоративдик стратегия.
Пленардык сессияда Р.С. Татиков 10 жылдык стратегиянын Кыргыз Республикасы жана ИӨБнүн бардык мүчөлөрү үчүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи. Бул стратегия ИӨБ тобунун өнүктүрүүчү институт катары ролун бекемдөөгө жардам берээри баса белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө топтун келечегин жана анда Кыргыз Республикасынын ордун аныктай турган жогорку деңгээлдеги кеп-кеңештер, бир нече талкуулар өткөрүлдү.
Тиркелген файлдар