КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРИ ДҮЙНӨЛҮК МАРАФОНДО 2-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРИ ДҮЙНӨЛҮК МАРАФОНДО 2-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромунда  ШКУнун “Run the Silk Road – Шанхай кызматташтык уюмунун” эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү.

Анда 55-64 жаш категориясы боюнча 42 км 195 м аралыкта 2-орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратынын чыгашаларды пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Стамалиев Талант Асаналиевич ээледи. Убакыт боюнча Талант Стамалиев бул аралыкты 3 саат 59 мүнөт 19 секундада чуркап өттү.

Ошондой эле 10 км жана 3 км аралыкка чуркоодо Финансы министрлигинин, Финансы-кредиттик фонддун кызматкерлери катышты.
Марафондун жалпы аралыгы 42 км 195 метр, жарым марафон - 21 км 97 метр, чуркоо жана скандинав басуусу - 10 жана 3 км болду.
Жалпысынан спорттук иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчулары жана спорт күйөрмандары катышты.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1936