КР Финансы министрлигинин жана ИИФИ кызматкерлери мамлекеттик жашыл сатып алууларды стимулдаштыруу ыкмаларын талкуулашты

КР Финансы министрлигинин жана ИИФИ кызматкерлери мамлекеттик жашыл сатып алууларды стимулдаштыруу ыкмаларын талкуулашты

КРФМ_ИИФИ

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Кыргыз Республикасында жашыл каржылоонун саясатын жана ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу" багыты боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу Программасынын алкагында өттү. КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Сабиров Өмүрбек россиялык кесиптештерине куттуктоо сөзү менен кайрылды.

            Ал Россиянын Финансы министрлигинин илимий-изилдөө финансы институтунун (ИИФИ) эксперттерине Кыргыз Республикасында жашыл сатып алууларды жана жашыл каржылоону өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.Ошондой эле Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик сатып алуулар порталынын функционалдуулугун жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, учурда коомдук талкуунун этабында экенин маалымдады.

            Россия тараптан семинардын модератору Россия Финансы министрлигинин ИИФИ макроэкономикалык изилдөөлөр Борборунун "экономикалык өнүгүү" багытынын жетекчиси, программанын эксперти Иван Никонов болду.

            Ошондой эле Россиянын Финансы министрлигинин НИФИ тарабынан семинарга макроэкономикалык изилдөөлөр Борборунун "Туруктуу өнүгүү" багытынын жетекчиси, программанын эксперти Екатерина Копалкина катышты.

ИИФИнин эксперттери кеңири баяндама беришип, анда дүйнөдө мамлекеттик жашыл сатып алууларды стимулдаштыруу чаралары жана бул инструменттерди Кыргыз Республикасында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

            Талкуунун жүрүшүндө тараптар жашыл каржылоо саясатын жана ченемдик укуктук базасын жакшыртуу боюнча ар кандай чараларды талкуулашты. Атап айтканда, мамлекеттик жашыл сатып алууларды стимулдаштырууга болгон мамилелер - каржылык, уюштуруу-процессуалдык жана кадыр-баркты колдоо чаралары (сыйлыктардын же конкурстардын алкагында мыкты жеткирүүчүнү баалоо жана тандоо) кызыгууну жаратты.

            Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болгон суроо-талаптарга таянып, эки тараптуу программанын алкагында багыттарды улантуу боюнча пландарды талкуулашты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
562

Окшош жаңылыктар