Menu
Тренддер
Финансы министрлигинин кызматкерлери Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Сабаттуу жазууга” катышты
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш чаралардын планына ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана саясаты боюнча улуттук комиссия “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн өткөрүүдө.
Кыргыз тилине арналган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу боюнча билимдерин бекемдеп келишти. Мамлекеттик тил жана саясаты боюнча улуттук комиссиянын негизги максаты мамлекеттик түзүмгө кирген орган, мекеме, уюмдардагы кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин сабаттуу жазуусун арттыруу.
5 сүрөттөр
15.17MB