Menu
Тренддер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИККЕ ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШЫШТЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук ишембилик күнүнө жана 2023–2025-жылдарга карата тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралар планына» ылайык, 2025-жылдын 19-апрелинде өткөн жалпы республикалык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери жигердүү катышышты.
Жалпысынан министрликтин 85 кызматкери катышып, таштандыларды тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Жибек Жолу менен Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Жаштар сейил багында жүргүзүлдү.
Министрликтин кызматкерлери тарабынан аймакты тазалоо иштери жүргүзүлүп, 1,5 гектар жерден 2 тонна өлчөмүндө чөп чогултулган.

1 сүрөттөр
0.00MB