Menu
Тренддер
АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДДОРУНУН КАРАЖАТТАРЫ РЕСПУБЛИКАНЫН АЙМАКТАРЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗҮҮЧҮ АРТЫКЧЫРЫКТУУ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУГА БАГЫТТАЛАТ
КРФМ
Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттары республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү артыкчырыктуу демилгелерди ишке ашырууга багытталат. Фонддордун бюджети тоо-кен казуу компанияларынан чегерүүлөрдүн жана жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын эсебинен түзүлөт жана облустук жана райондук фонддор катары иштейт.
Каржылоо, туруктуу экономикалык өсүү үчүн шарттарды түзүү менен чакан жана орто бизнести колдоо жана аймактардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну кошкондо инфраструктура, ишкердик, жумуш менен камсыз кылуу жана жашоо сапатын жогорулатуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген Аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү жобого ылайык, экономикалык долбоорлор жылдык 2% пайыздык чен менен бюджеттик кредиттөө түрүндө “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу ишке ашырылат (мурда – финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд).
2025-жылдын 9 айында “Мамфинхолдинг” ААК тарабынан жалпы суммасы 915,3 млн сом болгон 184 экономикалык долбоор жактырылды, алардын ичинен 595,7 млн сомго 128 долбоор каржыланды.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен коммерциялык банктар аркылуу 165,8 млн сомго 38 долбоор, ал эми 2023-жылы – 146,1 млн сомго 34 долбоор ишке ашырылган.
Ошентип, 2025-жылы колдоого алынган долбоорлордун саны жана каржылоо көлөмү боюнча олуттуу өсүү байкалууда. Бул инвестициялык ишмердүүлүктүн жанданышын жана реалдуу экономика секторун колдоого мамлекеттин катышуусунун кеңейишин чагылдырат.
Тиркелген файлдар