БАТКЕН ОБЛУСУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЖУМШАЛГАН КАРАЖАТТАР

БАТКЕН ОБЛУСУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЖУМШАЛГАН КАРАЖАТТАР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусундагы мамлекеттик чек арада кыргыз-тажик участкаларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө олуттуу иштер жүргүзүлдү.

Кошумча каражаттар:
- “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча социалдык объекттердин, ирригациялык курулмалардын курулуш жана капиталдык оңдоо иштерине, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштерине, турак жай курулуш иштерине 3,0 млрд. сом акча каражаты каралып, анын ичинен 2,5 млрд. сом бөлүнүп берилген.
- Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга 500,0 млн. сом каралып 250,0 млн сому бөлүнүп берилген (Лейлек район 125,0 млн.сом, Баткен район 125,0 млн сом).
- Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында №302-т тескемеси негизинде “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилип, 620,0 млн. сом каралып 587 ишкердик субъекттерине  484,6 млн. сом өлчөмүндө каржылоо насыялары берилген.
- Атайын эсебине келип түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктан бүгүнкү күнгө карата 349,3 млн. сомду түздү, анын ичинен 84,4 млн. сом мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында жабыр тарткан адамдарга компенсация төлөөгө багытталган;
Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, 145,0 млн. сом, бөлүнүп берилген, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар мамлекеттик администрацияларынын эсебине толук көлөмдө которулган;
Чек арада болгон окуялардын зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 84,4 млн. сом бөлүнүп, анын ичинен 68,5 млн. сом иштетилген (калдык 15,9 млн. сом). 
Ошондой эле, Баткен облусунун жабыр тарткан ишкерлерине бюджеттик кредит катары 168,0 млн. сом каралган, бирок жабыркаган ишкердик субъектердин тизмеси такталбагандыгына байланыштуу, каржылоо болгон эмес (2023-жылга 90,0 млн. сом каралган). 
-Жеке ишкерлерге бир жолку компенсация төлөп берүүго 50,4 млн.сом бөлүнүп, анын ичинен 23,7 млн.сом иштетилген (калдык 26,7 млн. сом). 2023-жылга компенсацияга 28,4 млн. сом каралган.
2022-жылдын Пландык каржылоо: 
-    Капиталдык салымдар беренесине 2022-жылга 1,1 млрд. сом толугу менен каржыланган;
-    Дем берүүчү гранттардын эсебинен 2022-жылга 69,9 млн. сом өлчөмүндө бекитилип ал каражат толугу менен бөлүнүп берилди; 
-    Баткен облусунда 2022-жылга социалдык төлөмдөрдү кошумча каржылоо боюнча 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондорго жана жабыркагандарга ай сайын кошумча жөлөк пул төлөнүүдө.  2022-жылга 3,5 млн. сом каралып, каражат толугу менен бөлүнүп берилди;
-    Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган жана иштеген жарандарга мамлекеттик жөлөк пулдарга («балага сүйүнчү» жөлөк пулунан тышкары) жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарга 1,20 коэффициентин киргизүү аркылуу кошумча колдоо көрсөтүлүүдө 2022-жылга 50,1 млн. сом каралып, каражат толугу менен бөлүнүп берилди;
-    Баткен облусунун «үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөөлөр боюнча 2022-жылга 174,0 млн. сом каралып, каражат толугу менен бөлүнүп берилди;
-    Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында өзгөчө статуска ээ болгон жарандарга 2000 сом өлчөмүндө пенсияга ай сайын компенсациялык төлөмдөр каралууда 2022-жылга 281,2 млн. сом каралып, каражат толугу менен бөлүнүп берилди;
-    Баткен облусунун (облус жана райондук) өнүктүрүү фонддоруна 2022-жылы 143,4 млн. сом каралып, 118,9 млн. сому каржыланды;
-    Республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электро-энергиясына 14,9 млн. сом каралып, каражат толугу менен бөлүнүп берилди;
-     Бюджеттер аралык трансферттер 279,8 млн. сом каралып толугу менен каржыланган,
-    Мындан сырткары, 2022-жылы “2021-жылдын 28-30 апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъектилерине зыяндын ордун толтуруу максатына 13 жабыркаган ишкер 2,6 млн. сомго каржыланды. Баардыгы болуп, Баткен облусунун 76 жабыркаган ишкердин ичинен 75 жабыркаган ишкерлер менен келишимдер түзүлүп 15,0 млн.сомго кредиттик каражаттар берилди.
Башка долбоорлор:
-    АРИС аткаруу агенттиги тарабынан Баткен областындагы "Аймактык Экономикалык өнүгүү" экинчи долбоору ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга 2022-жылдынн 20-апрелинен тартып кол коюлган жана 2022-жылдын 15-июлунан тартып №66 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен  ратификацияланган.
-    Баткен областындагы жабыр тарткан социалдык объекттерди калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-октябрындагы 2022-жылдагы буйругуна ылайык № 561-р Баткен областындагы "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды 2 "агроазыктүлүк кластерлерди чыңдоо" компонентинен 4-компонентке кайра бөлүштүрүү жолу менен ишке ашыруу чечими кабыл алынган. Долбоорлор Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларынын мэриялары тарабынан 4-компоненттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-октябрындагы 2022-жылдын № 561-р буйругу менен бекитилген социалдык объекттердин тизмесине ылайык куруу жана капиталдык оңдоо үчүн сунушталган жана бекитилген. Бүгүнкү күндө, жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун өзгөчө кырдаал боюнча иш чара пландар түзүлүүдө, иш план иштелип чыгып приказ менен бектилгенден кийин этап менен каржылануусу башталат. Биринчи этапта капиталдык ремонттор менен иштер жүргүзүлөт, экинчи этапта капиталдык курулуштар менен иштер жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2584