ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУНА БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТАР

ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУНА БӨЛҮНГӨН КАРАЖАТТАР

2023-жылга энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттар 22 млрд сом, атайын эсептин каражаттары жана мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом. Алар:

«Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо наркы 2023-жылдын 30-майына карата 1,6 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 1,1 млрд сом бөлүнгөн.(70,5%)
2023-жылга Республикалык Бюджетте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясына кеткен чыгымдарды жабууга 1,1 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 603,9 млн сому (49,4%) каржыланды.
2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, 1,1 млрд сом бөлүнгөн. Алар:
“Электр станциялары” ААКна – 3 млрд сом каралып, 700,0 млн сом бөлүнгөн.
"Чакан ГЭС" ААКна Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагынчында “Бала-Саруу” кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган.
2023-жылы 0,5 млн сом каралса, анын 0,2 млн сому бөлүнгөн.
Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объектилерди куруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн «Электр станциялары» ААКнын бюджеттик ссудасында жалпы 1,5 млрд сом каралган. 
2023-жылга 0,8 млн сом каралган. Учурда 0,2 млн сом бөлүндү.
Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушуна 0,4 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя каралган.
Капиталдаштыруу: Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында уставдык капиталды көбөйтүүгө «Электр станциялары» ААКга жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКга 10,8 млрд сом каралган. 2023-жылдын 30-майына карата 0,5 млн сом бөлүндү. 
2023-жылдын 30-майына карата Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 125 млн сом (бюджеттик, атайын эсептин каражаттары) каралган. Учурда 71,3 млн сому каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1984