ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУН КАРЖЫЛОО

ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУН КАРЖЫЛОО

Энергетика тармагынын негизги багыттарын каржылоо 2024-жылы дээрлик 93,9 млрд.сомду түздү. 2024-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу (74,1 млрд. сом) көбөйүү 19,8 млрд. сомду түздү.

 

     Бул каражаттар төмөнкү иш-чараларга каралган:

     1) мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдорунун уставдык капиталын көбөйтүүгө 2024-жылга 55,8 млрд.сом каралган, бүгүнкү күндө 55,3 млрд. сом каржыланган.

      2) 2024-жылга күз-кыш мезгилин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 11,3 млрд.сом каралган, анын ичинен 10 айдын жыйынтыгы боюнча чыгаша 8,9 млрд. сомду түзгөн.

     Күз-кыш мезгилинин негизги иш-чарасы жылуулук энергиясын субсидиялоо болуп саналат. Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу 2024-жылга жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоого 1,7 млрд.сом бекитилген, ал эми такталган бюджет 4,3 млрд. сомду түздү. Субсидиянын көлөмүнүн көбөйүшү Бишкек шаарынын ЖЭБин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү менен байланыштуу. Бул убакка чейин Бишкек шаарынын ЖЭБинин чыгымдары кайчылаш субсидиялоо жолу менен "Электр станциялары" ААК тарабынан жабылып келген;

     3) Бишкек шаарынын ЖЭБин оңдоо иштери үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 1,6 млрд. сом суммасында максаттуу трансферт бөлүнгөн;

     4) 2024-жылы энергетика тармагына бардыгы болуп 12,6 млрд. сом бюджеттик насыя берилген, анын ичинде:

      - Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерине кошумча 2,4 млрд. сом, анын ичинен 2024-жылга 490,0 млн. сом, ошону менен 2024-жылга 1,1 млрд. сом каралган, 2024-жылга бекитилген сумманы эске алуу менен;

      - электр энергиясын импорттоого жана отун сатып алууга (1 кварталга) 2024-жылга 1,5 млрд. сом бекитилген, Кошумча 7,5 млрд. сом бөлүнгөн, ошону менен 2024-жылга 9,0 млрд. сом бөлүнгөн;

      -"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна "Кыргыз Петролеум компани" заводун модернизациялоого 2024-жылга бюджеттик кредит бөлүүгө 1,9 млрд.сом каралган.

     Эскертүү:  энергия секторуна бюджеттик насыялар жеңилдетилген шарттарда минималдуу пайыздык ставка менен (жылдык 1%) 7-10 жылга үч жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет

     5) мамлекеттик инвестициялар боюнча үстүбүздөгү жылга 8,1 млрд. сом бекитилип, такталган бюджет 8,9 млрд. сомду түздү;

      6) "газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо" программасын ишке ашыруу үчүн 2024-жылга 10 млн.сом каралган.

     7) Энергетика министрлигинин административдик чыгымдары 343,2 млн.сомду түзөт.

10 айдын жыйынтыгы боюнча чыгаша 204,1 млн.сомду түздү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
345

Окшош жаңылыктар