Тренддер
ШКУга мүчө мамлекеттер Өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин илгерилетүүдө: Сиань шаарындагы жолугушуу
КРФМ
2026-жылдын 29-30-апрелинде Сиань шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү маселелери боюнча экинчи консультативдик кеңешме болуп өттү. Кытай Эл Республикасынын финансы министринин орун басары Ляо Минь жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов тең төрагалык кылышты.
Кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин, өнөктөштөрдүн делегациялары жана уюмдун Секретариатынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар келечектеги банктын ишмердүүлүгүнүн негизги параметрлерин талкуулашты жана аны түзүү боюнча консультацияларды улантуу ниетин ырасташты.
ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү демилгеси 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында бекитилген.
Кийинки, үчүнчү консультативдик кеңешме 2026-жылдын 28-майына Бишкек шаарында өткөрүү пландаштырылган.
1 сүрөттөр
0.00MB