Menu
Тренддер

Бажы төлөмдөрүнүн өсүү темпи 198,9% түздү
2022-жылдын январь-сентябрь айларында бажы төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 64 миллиард 810,7 миллион сом суммасында бекитилген. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл өсүү темпи 198,9 % түзгөн.
Анын ичинде:
- алымсыз бажы төлөмдөрү - 50 млрд 403,9 млн сом.
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бекитилген пошлина – 14 млрд 406,8 млн сомду түзгөн.
2022-жылдын январь-сентябрь айларында бажы кызматы тарабынан 52 млрд 895,5 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалды.
- алымсыз бажы төлөмдөрү - 41 млрд 622,1 млн сом болду.
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым - 11 млрд 273,4 млн сом.
Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (+)20 млрд 312,8 млн сомго көбөйдү. Башкача айтканда же өсүү темпи 162,3%ды түздү. Анын ичинен:
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым -(-) 4 млрд 689,4 млн сомго азайды. Өсүү темпи 70,6%ды түздү.
- алымсыз бажы төлөмдөрү (+) 25 млрд 002,2 млн сомго көбөйдү. Өсүү темпи 250,4%ды түздү.
2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы көрсөткүч 32,6 млрд сомду түзгөн.