ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРМАЛЫКТЫН ӨКҮЛДӨРҮНӨ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРМАЛЫКТЫН ӨКҮЛДӨРҮНӨ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Финансы министрлигинин Окуу борбору Министрликтин борбордук аппаратынын адистери С.Нурунбетов, А. Исраилова, А. Каныбекованын катышуусунда  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу курсун өткөрүштү.

"Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу", ошондой эле ченемдик-укуктук актыларды эсепке алуу жана даярдоо" темалары боюнча окутуу курсунун программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын ичинде аймактык финансы бөлүмдөрүнүн башкармалыгы, айыл өкмөтүнүн бухгалтерлери, финансы-экономикалык бөлүмдүн бөлүм башчылары да катышышты.
Окутуунун алкагында иш кагаздарын жүргүзүү, ченемдик-укуктук актыларды толтуруу Регламенти, ошондой эле бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча практикалык тапшырмалар өткөрүлдү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрлардын алмашуусу көп болгондугуна байланыштуу, өкүлдөр мындай тренингдерди тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын билдиришти. Окуунун жыйынтыгы боюнча Министрликтин лекторлору тарабынан  сертификаттарды тапшырышты.

 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2415