Menu
Тренддер
“САНАРИПТЕШТИРУУ ЖАНА ЖАҢЫ IT ТЕХНОЛОГИЯЛАР – УЧУРДУН ТАЛАБЫ”,- У.КАЛЕНДЕРОВ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборун Пермдеги «Экономикалык жогорку мектеби», “Crown Agents Ltd” компаниясы EDNET Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу агенттиги менен биргеликте “Кошумча кесиптик билим берүү системасында билим берүүнүн сапатын башкаруу” аталышындагы үчүнчү Эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.
Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров өз сөзүндө, - “Учурдагы санариптештирүү жана жаңы технологиялары замандын талабы, буга байланыштуу финансы ишмердүүлүгүн жогорулатып, билим берүү маанилүү”, - деп баса белгиледи.
Конференцияга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакунов, “Экономикалык жогорку мектебинин” – Пермь (РФ) директору Г.Володина, Crown Agents (Улуу Британия) Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Л.Кокарева катышты.
Конференциянын негизги максаты - кошумча кесиптик билим берүүнүн сапатын башкаруунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо илимдин, практиканын жана коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле кошумча билим берүү тармагында адистердин тажрыйба алмашуусу.
7 сүрөттөр
7.91MB