Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатабыз.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатабыз. Бул күн баарыбыз үчүн маанилүү экени талашсыз. Себеби чачылганды жыйнаган,

Бул күн баарыбыз үчүн маанилүү экени талашсыз. Себеби чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, эр жүрөк Манас атабыз эң алгач эркиндиктин туусун көтөрүп, кыргыз элин бир түндүктүн алдында бириктирип, журт кылган. Элибиздин эркиндиги, жерибиздин бүтүндүгү үчүн ата-бабаларыбыз өз жанын аябай ааламга кыргыз деген улуу элдин бар экенин даңазалаганына тарых барактары далил.

Ушуну менен катар эле, эгемендүү өлкөбүздүн өнүгүшүнө ар бир кыргыз жаранынын салымы чоң деп айта кетүү зарыл. Адилеттүүлүк, акыйкаттык үчүн канын азык, каруусун казык кылып, элибиздин эртеңки жыргал турмушу, бакубат жашоосу үчүн жасаган эрдигиңиздер, ак ниет эмгегиңиздерге тарых эртели-кеч өзүнүн оң баасын берет. 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Эгемендүүлүк күнүбүз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Элибизди тынчтык, береке, ынтымак, ырыскы уялап, өлкөбүз өнүгүп, өссүн. 

Жалпыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө кут-береке каалайм!

Урматым менен, КР Финансы министри Алмаз Бакетаев.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
8248