«АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-11» ДОЛБООРУ БЕКИТИЛДИ

«АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-11» ДОЛБООРУ БЕКИТИЛДИ

2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы No 72-б  буйругуна ылайык «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорун бекитти.

Буга байланыштуу 10-март 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдорунун ортосунда “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорун ишке ашырууга катышуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бардык суроолор боюнча, талапкерлер төмөнкү байланыш номерлерден маалымат ала алат:

  • ОАО «РСК Банк» - Бишкек ш. Московская көч. 80/1 тел.: (312) 35-55-55, Email: info@rsk.kg
  • ОАО «Айыл Банк» -  Бишкек ш., Логвиненко көч. 14, тел.: (312) 68-00-00, (556) 68-00-00, (707) 68-00-00.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2697