Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз үчүн өзгөчө маанилүү күн. Себеби, мындан 30 жыл мурун эгемен кыргыз мамлекети өзүнүн алгачкы Башмыйзамы болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган күн.

Тарых тактасында өзүнүн салмактуу орду бар бул маанилүү саамалык, тагыраагы Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мына ушул 30 жыл аралыгында эгемен кыргыз мамлекети эл аралык аренада өз абройун топтоо менен өнүгүүнүн бир топ тепкичтерин басып өттү. Ага ылайык Конституциябыз да бир нече ирет өзгөртүүлөргө, толуктоолорго туш болду. 
2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция басып өткөн тарыхый сабактардан, топтолгон тажрыйбадан улам мезгилдин жана элдин талабы менен толукталып, ишке киргизилген. 
Учурдагы Конституция жеке эле жарандар үчүн эмес жаратылышка, табиятка таттуу мамиле кылууну, улуттук наркты, ата-бабаларыбыздын салтын, Айкөл Манастын осуяттарын, укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү, тең укуктуулукту, чыныгы элдик бийликти, мамлекеттүүлүктү, адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды, экономикалык, финансылык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулууну, мамлекеттик, расмий тилдерди, укуктарды жана кызыкчылыктарды, эркиндикти, мамлекеттин бийлик тарабынан башкарылышы, жөндөлүшү, сот системалары ж.б. көптөгөн нерселерди камтып, жөнгө салат.
Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот,” - деп айткандай, бардыгыбыз биргеликте бул Конституциянын эрежесин таза сактасак  коомубуз, мамлекетибиз өнүгүп, гүлдөйт жана алдыга карай өсөбүз. Ошондуктан ар бир жарандын эң башкы атуулдук милдети – бул,  Башмыйзамыбызды туу тутуп, көздүн карегиндей сактоо! 
Кадырман мекендештер!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен чын жүрөгүмөн куттуктайм!
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, узак өмүр жана ишиңиздерге көптөгөн ийгиликтерди каалайм! Үй-бүлө, жакындарыңыздар менен аманчылыкта болуңуздар. Кыргыз жергебизде тынчтык, токчулук жана молчулук болсун!
Ар бириңиздер, Кыргыз Республикасынын Конституциясын таза сактоо менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошот деген терең ишеничтемин! 
Урматым менен, Кыргыз Республикасынын финансы министри 
А.Бакетаев.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1939