Menu
Тренддер

2022-ЖЫЛЫ 1804 КИШИ ТУРАК ЖАЙ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ
“Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы “МИК” ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.
2022-жылы «ГИК» ААКнын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1804 адам 4655,0 млн сом ипотекалык насыя алышкан.
2022-жылдын 31-декабрына карата («ГИК» ААКнын маалыматы) электрондук порталга «Менин үйүм 2021-2026» программасына катышуу үчүн 56 800 жаран катталган, анын ичинен 19 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9100 жаран банктардын кароосунда турат.
Белгилей кетсек, «МИК» ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б.)