Тренддер
2022-ЖЫЛГА ОШ ОБЛУСУНА 944,7 МЛН.СОМ КАРАЛГАН. 2023-ЖЫЛГА 940, 6 МЛН.СОМ МЕНЕН БЕКИТИЛДИ
Бюджеттер аралык трансферттер:
Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 944,7 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар:
- Теңдөөчү трансферт- 485,1 млн. сом;
- Ыйгарым укуктарды берүүгө- 49,3 млн. сом;
- Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 246,4 млн. сом;
- Маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- 54,9 миң сом;
- Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына- 19,6 млн. сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –51,9 млн. сом;
7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына- 36,5 млн. сомду түздү.
8.“Мыкты айыл өкмөтү” наамына- 1,0 млн. сом;
Үлүштүк гранттар:
Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 52 долбоор ишке ашырылып, ага 106, 2 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
- Мектептерге 22 долбоор- 40,0 млн сом;
- Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор- 1,5 млн. сом;
- Инженердик-коммуникациялык инфраструктура обьектилерине 9 долбоор- 22,6 млн. сом;
- Спорттук курулуштарга 9 долбоор- 18,2 млн сом;
- Маданий маанидеги обьектилер 2 долбоор – 3,8 млн. сом;
- Бала-бакчаларга 9 долбоор -20 ,1 млн. сомго акча каражаты каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесине 2022-жылы 1 951,7 млн.сом толугу менен каржыланган.
2023-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН ОШ 940, 6 МЛН. СОМ БЕКИТИЛИП, АЛ РАЙОНДОР БОЮНЧА ТӨМӨНКҮЧӨ:
- Алай району- 160,9 млн сом;
- Чон-Алай району- 50,2 млн. сом;
- Араван району- 94,1 млн. сом;
- Кара-Суу району- 155,3 млн. сом;
- Ноокат району- 142,9 млн. сом;
- Кара-Кулжа району- 152,6 млн. сом;
- Өзгөн району-184, 6 млн .сом;