2022-ЖЫЛЫ АЙЛЫК АКЫЛАР 200%дан ЖОГОРУ КӨТӨРҮЛДҮ

2022-ЖЫЛЫ АЙЛЫК АКЫЛАР 200%дан ЖОГОРУ КӨТӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартында № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” кол коюлган Жарлыгына ылайык, жалпысынан эмгек акыларды жогорулатууда кошумча жылдык керектөөсү 32,2 млрд. сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

- билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин;

- медициналык кызматкерлерине 150% чейин;

- маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% чейин;

- социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин;

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын 181% чейин;

- муниципалдык кызматчылардын 177% чейин;

- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 172% чейин;

- техникалык тейлөөчү персоналдын 160% чейин;

- кенже тейлөөчү персоналдын 150% чейин;

- бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 19-сентябрында №314 “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай акы төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2201