Menu
Тренддер
2023-ЖЫЛЫ МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯСЫНА 4,2 МЛРД СОМ КАРЖЫЛАНГАН
«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана «МИК» ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2023-жылы бюджеттен 4 260,8 млн сом бөлүнгөн. Каражаттар төмөнкүлөргө багытталган:
- Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500,0 млн сом;
- Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу экинчи траншка 469,05 млн сом;
- уставдык капиталды көбөйтүүгө 2 216,8 млн сом. Бул каражаттар турак жайларды курууга жумшалды - Скрябина көчөсү, 45 дарегиндеги 15 кабаттуу үй; Айтматов көчөсү 102/1 18 кабаттуу үй; Маликова көчөсү 91 (ТК-47) 28, 24, 18 кабаттуу үйлөр;
- «МИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө КР Президентинин Фондунан 75,0 млн сом Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн (КР Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 181-т);
- Жалал-Абад шаарында турак жай комплексин курууга (КР Президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы жана 29-декабрындагы No 222-т) «ГИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө Стабилдештирүү фондунан 1 000,0 млн сом.
Мындан тышкары, КРМКнын чечимдерине ылайык, коомдун уставдык капиталына салым катары
1 011,5 млн сом суммасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр которулган.
Анын ичинен:
- 1 008,6 млн сом суммасында кыймылсыз мүлк (квартиралар, жер участоктору);
- 2,9 млн сом суммасында кыймылдуу мүлк (электромобиль).
Белгилей кетсек, «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020», «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы ишке ашырылгандан бери 8868 адамга 14 625,9 млн сом ипотекалык насыя берилген.