Menu
Тренддер
2023-ЖЫЛЫ 77,2 МЛРД СОМГО 88 464 САТЫП АЛУУ БОЛУП ӨТТҮ
2023-жылы сатып алуучу уюмдар тарабынан 103,4 млрд сомго товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча жалпы 131 941 кулактандыруу жарыяланды, анын ичинен 77,2 млрд сомго 88 464 сатып алуу ийгиликтүү аяктады. Анын ичинен 30,2 млрд сомдук товарлар, 39,3 млрд сомдук жумуштар, 7,7 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча 0,023 млрд сомду түздү.
Арыздануулардын жана кайрылуулардын статистикасы
2023 жылы 1297 даттануулар жана 206 кайрылуулар катталган.
Алардын ичинен сатып алуучу уюмдар тарабынан 1057 арыздануу каралды: сатып алуучу уюмдардын кароо статусу 220, 196 арыздануу негиздүү, 641 арыздануу негизсиз деп табылды.
2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин административдик арыздануулар боюнча маалымат.
Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу максатында көз карандысыз комиссиянын дарегине 240 административдик арыздануу келип түшкөн: алардын 108и негиздүү, 75и негизсиз деп табылган жана 57си кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын "укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 356-беренесинине ылайык Департамент тарабынан 2023-жылы 1 752 500 сомго айып санкциясы салынган, анын ичинен 1 290 000 сом төлөнгөн.
Жеткирүүчүлөрдү / консультанттарды алдын ала квалификациялоо жана электрондук каталогду толтуруу Мамлекеттик сатып алуулар Департаменти тарабынан электрондук аянтчада ишке ашырылат - www.tandoo.zakupki.gov.kg
Бүгүнкү күндө каталогдо товарлардын 13411 түрү, 92 жеткирүүчү, 1883 сатып алуучу уюм катталып, 1004 келишим түзүлгөн.