Menu
Тренддер

2024-ЖЫЛГА ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНА ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТАРДЫН ЭСЕБИНЕН 197,1 МЛН СОМГО 66 ДОЛБООР БЕКИТИЛДИ
Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 197,1 млн сом суммасында 66 долбоор бекитилди.
- Ысык-Көл району нун 15 объектисине 36,4 млн сом;
- Түп районундагы 11 объектиге 29,6 млн сом;
- Ак-Суу району - 12 объектисине 40,9 млн сом;
- Тоң районундагы 12 объектиге 35,9 млн сом;
- Жети-Өгүз району - 7 объектиге 29,2 млн сом;
- Балыкчы шаарынын 3 объектисине 9,5 млн сом;
- Каракол шаары - 6 объектиге 15,6 млн сом;
Жалпы:
- 24 мектепке – 65,1 млн сом;
- 2 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 6,6 млн сом;
- 12 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 46,0 млн сом;
- 3 спорттук курулуштар – 10,9 млн сом;
- 14 маданий маанидеги объектилерге- 37,6 млн сом;
- 11 бала бакчага – 30,9 млн сом;
Тиркелген файлдар