Menu
Тренддер

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
Эскерте кетсек, Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Анда Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору - финансы министринин орун басары У.Аманбаев Талас облусунда болгон иш-сапарынын алкагында облустун бюджети жана КРдин акыркы жылдары жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди.
Министрдин орун басары консолидацияланган бюджеттин ресурстары акыркы 3 жылда 2,3 эсеге өскөнүн белгилеп, 2023-жылы 571,6 млрд сом өлчөмүндө пландалганын, иш жүзүндө бюджеттик ресурстар 577,6 млрд сомду түзгөнүн, ошондой эле бул өз кезегинде экономиканын динамикалык өсүүсүнө оң таасирин бергенин маалымдады. Ал эми республиканын профицити 12,6 млрд сом суммасында аткарылганын маалымдады У.Аманбаев.
Борбордук казыналыктын директору “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлоруна токтолуп, ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 55,0 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилгендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, 2023-жылда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 15,4 млрд сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүндү.
2023-жылы Талас облусунун жалпы киреше бөлүгү 6,6 млрд сомду түздү.
2023-жыл ичинде жалпы Талас облусуна республикалык бюджеттен 192,8
млн сом өлчөмундө теңдештирүүчү трасферттер бөлүнүп берилсе, 2024
жылга 193,0 млн сом өлчөмүндө трансферттерди бөлүү каралган.
У.Аманбаев Финансы министрлигинин жакын мөөнөткө коюлган максаттарына токтолуп, -“"Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" системасында Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу боюнча 2024-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери аталган системада эсептерин жүргүзүп жатат”,- деп билдирди.
Жыйында Талас облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар акимдери жана финансы кызматынын ардагерлери катышып, регионду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана мамлекеттик программалардын алкагында пландалып жаткан долбоорлор тууралуу айтып беришти.
Эскерте кетсек, Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Анда Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда.