Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык Тоо Диалогу: Бишкек+25 Саммитине карай жол» аттуу эл аралык конференциясы башталды.

Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык Тоо Диалогу: Бишкек+25 Саммитине карай жол» аттуу эл аралык конференциясы башталды.

Конференциянын 11-сессиясынын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Климаттык каржылоо борбору болуп саналат.

Сессияга чакырылган эл аралык баяндамачылар:

Лесото Королдугунун Вице-премьер-министри жана Юстиция, укук жана парламенттик иштер министри —Нтоменг Жастина Маджара айым;

Жашыл климат фондуунун Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш региону боюнча директору —Томас Эриксон мырза;

GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү" программасынын жетекчиси —Ханна Сабасс айым;

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин БУУ жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн башчысы, климаттык/экологиялык сүйлөшүүлөр боюнча адис, эл аралык мамилелер жана глобалдык саясат боюнча философия доктору —Давид Манукян мырза;

Азия өнүктүрүү банкынын Айыл чарба, азык-түлүк, жаратылыш жана айыл аймактарын өнүктүрүү сектордук кеңсесинин директору —Ясмин Сиддики айым.

Сессияда тоолуу аймактардын адаптациясы жана туруктуулугу үчүн өтө маанилүү болгон климаттык каржылоонун негизги багыттары каралды.

Айрыкча көп тараптуу климаттык фонддордун, эки тараптуу кызматташуунун жана жеке капиталдын тартылышын камтыган учурдагы жана потенциалдуу каржылоо булактары боюнча анализге көңүл бурулду. Ошондой эле, тоолуу мамлекеттердин климаттык ресурстарга жетүүсүнө тоскоол болгон институционалдык тоскоолдуктар белгиленип, аларды жеңүү боюнча сунуштар берилди.

Дискуссия климаттык өзгөрүүлөр шартында тоолуу аймактардын туруктуу келечегин камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун координацияланган аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Негизги доклад Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин орун басары Жибек Курманбековна Дүйшеева тарабынан сунушталды.

Өзүнүн сөзүндө ал, тоолуу өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн климаттык чакырыктарга жооп берүүдө каржы саясатын ыңгайлаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Айрыкча мамлекеттик бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркировкалоо аркылуу климаттык туруктуу бюджеттик механизмдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул демилге Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин азайтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүүчү чыгашаларды системалуу байкоо жана классификациялоого багытталган.

2024-жылы бул маркировкалоо механизми Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жана Табигый ресурстар министрлигин кошкондо бир катар негизги министрликтерде ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн. Пилоттук долбоордун жыйынтыктары бюджеттик чыгашалардын маанилүү бөлүгүн камтып, кошумча каржылоону талап кылган климаттык маанилүү багыттарды аныктоого мүмкүндүк берди.

Жибек Курманбековна белгилегендей, мындай чаралар бюджеттик каражаттарды колдонуудагы ачыктыкты жогорулатат, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (өзгөчө, ТӨМ 13) жетүүнүн мониторингин күчөтөт жана кошумча климаттык каржылоону, анын ичинде "жашыл" инструменттер аркылуу тартуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Кыргыз Республикасы ошондой эле тоолуу, аялуу аймактарда климаттык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда — жер көчкү, суу ресурстарын башкаруу, коргоочу курулуштарды куруу жана мөңгүлөрдү мониторинг кылуу тармактарында.

Финансы министрлиги өз тажрыйбасы менен башка тоолуу өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр экенин жана климаттык бюджеттештирүү инструменттерин мындан ары да өнүктүрүүгө берилгендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
889

Окшош жаңылыктар