Menu
Тренддер
ВЕНА ШААРЫНДА ЭКИ ТАРАПТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА КЫРГЫЗ-АВСТРИЯ АРАЛАШ КОМИССИЯСЫНЫН 9-ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
2024-жылдын 30-октябрында Вена шаарында (Австрия) эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын 9-жыйыны болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясын Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Татиков Руслан Сатылганович жетектеди, Австрия деллегациясын Австриянын Федералдык эмгек жана Экономика министрлигинин экономикалык иштер, инновациялар жана эл аралык саясат боюнча башкы директору Флориан Фраушер жетектеди.
Жыйындын алкагында Р.Татиков менен Ф.Фраушер жолугушуп, тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Эки тарап эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар учурдагы экономикалык абалды жана эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулашты. Кыргыз делегациясынын ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасында ишке ашыруу үчүн биргелешкен долбоорлорду аныктоого багытталган баяндамасын сунуштады.
Кайра жаралуучу энергия, соода, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Р.Татиков австриялык инвесторлорду активдүү катышууга чакырып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган милдеттер жөнүндө айтып берди.
Финансы министринин орун басары ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын жетишкендиктерин, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду белгилеп, австриялык компанияларды бул демилгелерге катышууга чакырды.
Жыйындын жыйынтыгында боюнча протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Финансы министринин орун басары Р.Тактиков австриялык кесиптешине ыраазычылык билдирип, кийинки жыйынды Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
3 сүрөттөр
0.00MB