Menu

Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча төртүнчү консультациялык жыйын өттү

Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча төртүнчү консультациялык жыйын өттү

КРФМ

2026-жылдын 29–30-июнунда Кытай Эл Республикасынын Шэньчжэнь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси боюнча төртүнчү консультациялык жыйын болуп өттү. Жыйынга тең төрагалык кылышкан Кытай Эл Республикасынын Финансы министринин орун басары Ляо Мин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов.

Жыйынга 28 мамлекеттин делегациялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн негизги багыттары боюнча мазмундуу консультацияларды улантып, мындан аркы иш пландарын талкуулап, консультациялык процессти улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү тууралуу чечим 2025-жылдын 1-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-жыйынында жетишилген саясий консенсустун натыйжасы болуп саналат.

Кабыл алынган Декларацияда ШКУга мүчө кызыкдар мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгүн кайрадан тастыктап, аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алышканы жана аталган финансылык институттун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча консультацияларды активдештирүүгө макулдашканы белгиленет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2457

Окшош жаңылыктар