Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын заманбап тенденциялары жана аймактык өнүгүүсү боюнча Бешинчи ачык эл аралык форуму өтүүдө

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын заманбап тенденциялары жана аймактык өнүгүүсү боюнча Бешинчи ачык эл аралык форуму өтүүдө

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” резолюциясы кабыл алынган. Резолюцияны Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 109 мамлекет кабыл алып, жактырган.

Буга байланыштуу, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын заманбап тенденциялары жана аймактык өнүгүүсү боюнча Бешинчи ачык эл аралык форуму өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыгы (2023-2027)» алкагында өткөрүлүүдө.
"Заманбап тренддер жана мамлекеттик сатып алуулардын аймактык өнүгүүсү" темасындагы Эл аралык ачык бешинчи форумунуна КР Финансы министринин орун басары  - У. Календеров, КР Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д. Толонов, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И. Иманбетов, Дүйнөлүк Банктын сатып алуулар боюнча менеджери Саймон Б.Чирва, КРгы ЮСАИД долбоорунун башкаруу боюнча адиси Чнара Маматова жана "Grown Agents" (Улуу Британия) компаниясынын Орто Азия боюнча аймактык менеджери Л. Кокарева катышты.
Мындан тышкары АКШ, Россия, Казахстан, Өзбекстан, Грузия өлкөлөрүнүн Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистери да катышты. 
Иш-чаранын демилгечилери жана уюштуруучулары:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Crown Agents Ltd., USAIDдин Кыргыз Республикасындагы кеңсеси. 
Форумдун максаты - мамлекеттик сатып алуулар системасын башкарууга, туруктуулуктун принциптерин колдонууга, мамлекеттик сатып алуулар системасын региондук өнүктүрүүнүн ролуна жана мамлекеттин башка приоритеттүү маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган заманбап тенденцияларды талкуулоо үчүн ачык талкуу аянтчасын түзүү.
Негизги максаттар:
- туруктуу (жашыл) сатып алууларга артыкчылык берүү;
- туруктуу сатып алуулар боюнча эл аралык тажрыйбаны талдоо, аларды укуктук жөнгө салуу мисалдары;
- мамлекеттик сатып алуулар системасын профессионалдаштыруу маселесин кесиптик коомчулук тарабынан талкуулоо;
- Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар системасындагы өзгөрүүлөргө жана жаңылыктарга кыскача сереп;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү адистердин билимин жана потенциалын жогорулатуу.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2736