Menu
Тренддер
КР МЕНЕН РФдин ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИКТЕРИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУДА
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде семинардын жумалыгы аяктады. Тажрыйба алмашуунун жыйынтыктоочу темасы “Кыргыз Республикасында жашыл каржылоо саясатын жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу” болду.
Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин НИФИ Макроэкономикалык изилдөөлөр борборунун «Экономикалык өнүгүү» бөлүмүнүн башчысы И.Никонов, ошондой эле РФдин Финансы министрлигинин НИФИнин баяндамачылары Л.Кабир, А. Ковалевская, М.Мкртчян жашыл финансыны ишке ашыруунун негизги ыкмаларына токтолушуп, климаттык стандарттардын облигациялары боюнча чет мамлекеттердин мисалдарын келтиришти. Жыйында энергетикалык кризистен чыгууда жашыл демилгелерди каржылоого өтүү G20 - экономикасы эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын жетекчилеринин клубунун негизги макулдашуулары болуп саналаары белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров “Жашыл экономика” аркылуу каржылоонун жаңы моделдерин колдонуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бүгүнкү күндөгү маанилүү демилгелеринин бири экенин белгиледи. Ошондой эле, У.Календеров Кыргызстандын климаттык курч көйгөйлөрүн белгиледи. «Бүгүнкү күндө абанын температурасынын жогорулашы, химиялык булгануу, смог маселеси өңдүү экологиялык көйгөйлөр биздин өлкөнүн гана көйгөйү эмес. Буга байланыштуу жана башка экологиялык маселелерди чечүү үчүн өлкө өкмөтү каржылоонун жаңы моделдерин киргизүүдө”,-деди У.Календеров.
КР Финансы министринин орун басары У.Календеров кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Россия Федерациясынан келген кесиптештеринин билим алмашуусуна ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, семинардын алкагында РФдин финансисттери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бюджеттин киреше бөлүгүндө салык секторун жакшыртуу, бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын киргизүү, социалдык коргоо, жашыл каржылоонун ченемдик укуктук базасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык потенциал сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.
6 сүрөттөр
0.00MB