Menu

КР Финансы министрлигинде Россиянын Финансы министрлиги менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында үч күндүк окутуу өттү

КР Финансы министрлигинде Россиянын Финансы министрлиги менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында үч күндүк окутуу өттү

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында үч күн бою мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы адистер үчүн окутуу өткөрүлдү.

Программанын алкагында кызматташуунун негизги багыттары аныкталып, аларга мамлекеттик финансылык көзөмөл жана ички аудит, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, бюджеттин кирешелерин болжолдоо, мамлекеттик карызды башкаруу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана бюджеттик саясат маселелери киргизилди.

Үч күндүк окутуунун уландысында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Илимий-изилдөө каржы институтунун директорунун милдетин аткаруучу Глеб Покатовичтин жолугушуусу болуп өттү. Тараптар жаңы программанын артыкчылыктуу багыттарын жана мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Кызматташуунун алкагында Россиянын Финансы министрлигинин НИФИ менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын ортосунда ар кандай курактагы топтор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 75тен ашык аудиовизуалдык материалды өткөрүп берүү жөнүндө келишимге да кол коюлду.

Үч күндүк окутуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу секторундагы уюмдардын бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (МСФООС) негизинде өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучуларга МСФООСтун жоболорун эске алуу менен даярдалган «Материалдык эмес активдер» аттуу финансылык отчеттуулуктун улуттук стандартынын долбоору тааныштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кесиптик тажрыйба алмашып, мамлекеттик каржыны башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштин багыттарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1988

Окшош жаңылыктар